super.kg logo
  Саясат  

Тажикстандын Бажы кызматы жакынкы күндөрдө Кыргызстан чек араны ачат деген үмүттө

 
Тажикстандагы Бажы кызматынын башчысынын орун басары Нематжон Рахматов Дүйшөмбүдө 23-январдагы маалымат жыйынында “жакынкы күндөрдө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык көйгөйлөр чечилип, чек ара ачылат деген үмүттөбүз” деп билдирди. 
Кыргыз-тажик чек арасында 11-январь күнү чыккан чырдан улам Кыргызстан бир тараптуу чечим менен чек араны жапкан. Рахматов эки өлкөнүн ортосунда 5 чек ара көзөмөл өткөрүү бекети иш алып барарын кошумчалады. Мындан сырткары Тажикстанга өтө турган унаалар Кыргызстандын аймагында топтолуп калгандыгын айтып, бажы тармагындагы чогултулуучу каражаттарга терс таасирин тийгизерин билдирди.

Эске салсак, 11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген чек ара кызматынын маалыматын аныктаган. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган

Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: