super.kg logo
  Саясат  

"Саясий оюндарга жол берилбейт". Садыр Жапаров бийликтегилерге эскертүү жасады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бийлик бутактарын, мамлекеттик кызматкерлерди саясий оюндардан алыс болууга чакырды.

Президент ар бир бийлик органынын, ар бир түзүмдүн жана ар бир жетекчинин бир эле максаты бар экенин, ал элге жана мамлекетке ак кызмат кылуу болуп саналарын белгиледи.

"Бийликтин эч бир бутагы саясий оюндар же кысым көрсөтүү, же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес. Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт, анткени ал баш аламандыкка, сенектикке, чыр-чатакка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. Мурда дал ушул саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, институттарды бузуп, демилгелерди артка тартып, натыйжада элдин ишенимине доо кетирген.

Чечимдер эл үчүн эмес, чакан топтордун кызыкчылыктары үчүн кабыл алынган учурлар көп болгондуктан, өлкө ондогон жылдар бою ордунан жыла албай калган учурларды баштан кечирдик. Бүгүн биздин ката кетирүүгө да акыбыз жок. Ар бир жетекчи, ар бир кызматкер түздөн-түз өзүнө тагылган иш-милдеттери менен гана алектениши керек",- деди мамлекет башчы республикалык кеңешмеде.






"Саясий оюндарга жол берилбейт". Садыр Жапаров бийликтегилерге эскертүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: