super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Өлкө бюджети 1,1 триллион сомдон ашып, ИДПнын өсүү ыргагы 11,1 пайызга жетти 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады.

Касымалиев ИДПнын көлөмү 1 триллион 976,4 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү ыргагы 11,1 пайызга тездегенин билдирди. Анын айтымында, 2030-жылга чейин өлкө тейлөө моделинен индустриалдык-агрардык экономикага өтүп, өндүрүштүн үлүшүн 28-30 пайызга чейин көбөйтүшү керек.

Баяндамада 2025-жылы 1 триллион 101,4 миллиард сомго жеткен консолидацияланган бюджетке өзгөчө көңүл бурулду.

"Бул тарыхый деңгээл экономиканын өсүшү менен гана эмес, кирешелерди башкаруунун сапаттык жакшырышы менен да камсыздалды. Динамикага көз салыңыз: Салык кызматынын кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге өсүп, 304,3 миллиард сомго жетти. Бажы кызматынан түшкөн кирешелер "Смарт Бажы" системин киргизүүнүн аркасында алты эсеге көбөйүп, 157,4 миллиард сомду түздү. Бул катуу тартиптин жана процесстерди санариптештирүүнүн натыйжасы",- деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: