super.kg logo

Оюн талаасында Лионель Мессини күйөрманы кулатып салды (видео)

 

"Интер Майами" футбол клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Мессиге күйөрманы тарабынан жагымсыз аракет жасалды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып, видеолорду жарыялашты.

Маалыматка ылайык, мындай жагдай Эквадор өлкөсүнүн "Индепендьенте дель Валье" клубу менен "Интер Майами" клубунун беттеши учурунда болгон. Анда оюн талаасына чуркап чыккан Мессинин күйөрманы футболчуну кучактап калганга үлгүргөн. Мындай жагдай болорун байкабай турган Месси оюн талаасында кулап түшкөн.

Социалдык тармактарга тараган видеодон мындай көрүнүш футболчуга жакпаганын көрүүгө болот. Ал эми күзөт кызматкерлери аталган күйөрманды кармап кетишкен.

Белгилей кетсек, беттеш 2:1 эсебинде "Интер Майами" клубунун жеңиши менен аяктаган.






Оюн талаасында Лионель Мессини күйөрманы кулатып салды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: