super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов кымбатчылык тууралуу айткандарды жоошутту. Эмне кеп?

 
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кымбатчылык дүйнө жүзүн каптаганын белгилеп, Фейсбук баракчасына билдирүү калтырды.
Анын айтымында, өкмөт башчы жана жалпы финансы-экономикалык сектор бул маселе боюнча апта сайын атайын чараларды көрүүдө.
"Кымбатчылык маселеси боюнча мамлекет башчыбыз бизге өкмөттүн бирден бир негизги артыкчылыктуу багыты катары белгилеп, жеке өзү көңүл чордонунда кармайт. Кымбатчылык азыркы учурда - бул глобалдык көйгөй. Дүйнө жүзү боюнча азык түлүк, күйүүчү май жана башка товарлар эбегейсиз кымбаттады. Бул пандемия учурунда башталып, азыркыга чейин токтобой келет. Геосаясий тоскоолдуктар, жакынкы жана алыскы чоң жана орто экономикага тарифтик жана башка чектөөлөрдүн киргизилиши да баалардын өсүшүнө таасирин тийгизди",- деди Байсалов.
Ал сөзүн улай өлкө экономикасы бул кризиске кантип туруштук берип келе жатканына токтолду.
"Баалар дүйнө жүзүндө өсүп жаткан шартта, кайсы гана өкмөт болбосун, бул көрүнүш Кыргызстанга да таасир этмек. Эми элестетип көрөлү. Мисалы, өлкө мурунку эле ыргак менен калганда, 2025-жылы орточо эмгек айлык акы 44,5 миң сом эмес, 23 миң эле сом болмок. Орточо пенсия да 7384 сомдон ашмак эмес, көпчүлүк пенсионерлер мурдагыдай эле 3-4 миң сомдун чегинде алышмак. Азыр болсо 8000 сомдон аз алган пенсионер жок, орточо пенсиянын көлөмү 11 238 сомго жетти. Эгер мурдагы ыргак сакталган бойдон калганда, глобалдык кымбатчылык кризисинин шартында калкыбыз олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп, жакырчылык деңгээли керек болсо калктын жарымына жетмек",- деп белгиледи чиновник.
Байсалов жергиликтүү өндүрүштөрдү ачуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле социалдык колдоону күчөтүү боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалап, кыргызстандыктарды үмүттү жоготпоого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: