super.kg logo

Шеригин сатам деп өзү да колго түштү... Бишкекте баңгизат лабораториясы табылды

 

Бишкекте жашыруун баңгизат лабораториясы аныкталып, 4 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кармалган 20 жаштагы жигит өз ыктыяры менен 5,86 граммды түзгөн каннабис майын тапшырган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө жигит аталган затты 31 жаштагы жарандан сатып алганын айткан. Деген менен экөө бирге батирде баңгизат даярдоо үчүн лаборатория ачып алган. Алардын жашаган жери тинтүүгө алынып, 3 килограмм 739 грамм болгон каннабис майы, 2,33 грамм наркотикалык зат аралашкан тамеки жана 293 грамм курамында каннабистин белгилери бар тамеки буюмдары табылган.

Шектүүлөр баңгизат каражаттарын Telegram канал аркылуу сатып келишкен. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.






Бишкекте баңгизат лабораториясы табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: