super.kg logo

Өлкөдө кенже кызмат орундарынын кадрлар резервине сынак жарыяланды (талаптар)

 
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялады.
Мамлекеттик жарандык кызматка коюлган талаптар:
  • Кыргыз жараны болуу;
  • 21 жаштан жогору болуу;
  • Жогорку билимге ээ болуу;
  • Кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;
  • Санариптик көндүмдөргө ээ болуу.
Муниципалдык кызматка коюлган талаптар:
  • 18 жаштан жогору болуу;
  • Жогорку же орто кесиптик билимге ээ болуу;
  • Кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;
  • Санариптик көндүмдөргө ээ болуу.
Кадрлар резервине кантип кирүүгө болот?
Талапкерлер документтерин kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта тапшырышат. Ал үчүн порталдан жеке кабинетке катталуу зарыл.
Сынактык тандоо 3 этаптан турат:
  • Документтерди кабыл алуу;
  • Нормативдик укуктук актылар боюнча компьютердик тестирлөө;
  • Офлайн же онлайн форматтагы маектешүү.
Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер 3 жылдык мөөнөткө кадрлар резервине киргизилет. Кызматка дайындоо рейтингдик система аркылуу жүргүзүлөт. Сынактын алгачкы мөөнөтү 2-марттан 6-мартка чейин.
Толук маалыматты kyzmat.gov.kg сайтындагы "Вакансиялар" бөлүмүнөн жана kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталынан алууга болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: