Миокардит илдети эмнеден пайда болот?

Жүрөктүн миокардит жана перикардит деген оорулары бар. Алар мезгилдик сасык тумоо учурунда күч алып, айрыкча ангинасы барларда көп учурайт, жаш-карыны ылгабайт. Ал эми перикардит оор кармаган учурда дароо дарыланбаса аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Макалада ушул илдеттер тууралуу окурмандарга кенен маалымат берүүнү чечтик.
Миокардит деген эмне?
Миокард – бул жүрөктү иштетүүчү булчуң. Ал эми миокардит оорусу – ошол булчуңдун сезгенип, жүрөктүн кагышынын бузулуп, жакшы иштебей башташы. Дарт өз алдынча жана кайсы бир оорунун өтүшүп кетишинен жаралат. Убагында дарылабаса өнөкөт түргө айланып, адамды күтүүсүз өлүмгө жеткириши мүмкүн. Дарттын алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылса, оор кесепеттердин алдын алууга болот дешет врачтар.
Дарт эмнеден келип чыгат?
• Вирустардан. Сасык тумоо, COVID-19, учук, В жана C гепатитинин, ВИЧтин вирустары, ошондой эле аденовирус, энтеровирустар.
• Бактериялардан. Стрептококк, стафилококк, кептөөрдүн оору козгогучу жана башкалар.
• Айрым дары түрлөрүнөн. Мисалы, антибиотиктерди (Азитромицин, Сульфаниламид) узакка колдонуу же өз алдынча баш аламан ичүү, химиялык дарылануудагы айрым дарылардын терс таасири.
• Мите курт оорулары жана козу карын сымалдардан. Мите курттардан пайда болуучу токсоплазмоз, эхинококкоз, кандидоз дарттары.
• Иммунитет жаңылыштыгынан жаралуучу оорулардан. Бөрү жатыш, ревматоиддүү артрит, склеродермия, васкулит.
• Башка оорулардан. Өттүн холецистит, тамактын ангина (тонзиллит) оорусунун өтүшүп кетишинен.
• Аллергиядан. Көбүнчө эмдөөдөн кийин.
• Уулануудан. Алкоголдук ичимдиктен, баңгизаттан, оор металлдардын туздарынан, уулуу жылан, жөргөмүштүн чагып алуусунан, радиациядан.
Эмне кылуу маанилүү?
Адам сасык тумоо, коронавирус, учук, гепатитке, ангинага жана башка ооруларга чалдыкканда дароо дарыланбаса, илдет өөрчүп кетет. Ичтеги вирустар көбөйүп, канга кошулуп жылып, органдарга, анын ичинде жүрөккө да тарайт. Жүрөккө вирустар көп кирип кеткенде жүрөк булчуңун жабыркатып, сезгентет. Ошондуктан врачка текшерилгени барганда “Эмне болуп ооруп калдың?” деген суроого көбү “Сасык тумоодон кийин...” деп жооп беришет.
Белгилери кандай?
Адатта оорунун белгилери вирустук ооруга чалдыккандан кийин 1-2 аптада билинет. Белгилери:
• Жүрөктүн кысылып оорушу.
• Чыйрыгуу, аба жетишпей энтигүү.
• Жүрөктүн аритмиясы. Же жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу, калыптагыдан тез, жай же баш аламан сого баштайт.
• Шалдыроо, бат чарчоо, көп тердөө.
• Дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын оорутушу.
• Буттардын шишиши.
• Баштын оорутушу, табиттин жоголушу.
Аталган белгилер билингенде дароо кардиолог врачка кайрылуу сунушталат.
Кантип дарылануу керек?
Ооруканага жатып дарылануу күтүлөт. Дарылоодо миокардитти эмнелер же кайсы оорулар пайда кылса, ошого жараша дары-дармектер берилет. Мисалы, сасык тумоодон келип чыкса вируска каршы, иммунитеттин жаңылыштыгынан жаралган оорудан келип чыкса, анда гормоналдык дарылар, ангинадан улам жаралса антибиотиктер берилет. Албетте, сезгенүүнү кетирүүчү, дене тапты түшүрүүчү, аритмияга каршы дарылар, ооруган жүрөккө жардам берүүчү витаминдер топтому да берилет
Перикардит деген эмне?
Перикардит – жүрөктүн сырткы чел кабыгынын сезгениши. Сырткы чел кабыгы көрүнүшү боюнча сумкага окшошуп кеткендиктен, медицинада “жүрөктүн сумкасы” деп да аталат. Оору көбүнчө инфекциялардан, өзгөчө сасык тумоо, кызамыктан, инфарктка кабылгандан кийин, кызыл жүгүрүктөн улам жаралат. Курч кармаган жана өнөкөт түргө айланган деп экиге бөлүнөт.
Эмнеден улам жаралат?
• Вирустардан. Сасык тумоо, кызамык жана башкалар.
• Бактериялардан. Кургак учук, ангина, тамак оорусунун дагы бир түрү скарлатинадан.
• Жүрөктүн оорулары. Адатта миокарддын инфаркты, эндокардит дартынын өтүшүп кетишинен, жүрөктүн тубаса ооруларынан.
• Жүрөктүн жаракаты. Жүрөк тушка катуу сокку алуу жана жүрөктүн тубаса алсыздыгы.
• Сепсис. Кайсы бир органда ириңдөө болуп, аны дарылабоонун айынан ириңдин кан менен таралышы, жүрөктүн чел кабыгына да жетип сезгентет.
• Башка себептер. Козу карын сымалдар, мите курттар. Бөрү жатыш, кызыл жүгүрүк, ревматоиддүү артрит оорулары.
• Коңшу органдардагы айрым оорулар. Өпкөнүн пневмония жана плеврит оорулары. Оору козгогучтар лимфа жолдору жана кан аркылуу жүрөктүн чел кабыгына жетип сезгендирет.
• Аллергия. Дарылардан аллергиянын жаралышы.
Дарттын 2 түрү бар
Биринчиси – кургак перикардит. Көкүрөктөгү кетпеген оорутуу, жүрөктүн катуу дүкүлдөп согушу, шалдыроо, чыйрыгуу, кургак жөтөл, үстүртөн дем алуу дарттын белгилерине кирет. Адам дем алган сайын, бир нерсени жутканда, кыймылдаганда оорутуу күчөйт. Оорутуу сол далыга, моюнга, 2 ийинге чейин берет. Айрымдарда оорутуу стенокардия сымал кармашы мүмкүн.
Экинчиси – экссудативдүү перикардит. Бул кургак перикардиттен дарыланбагандан, аллергиялардан, кургак учуктан, перикарддын шишигинен келип чыгат. Экссудативдүү перикардитте чел кабыкка суюктук толуп кетип, жүрөк чогулган суюктуктан улам кысылып, кан тамырларда кан калыптагыдай жүрбөй баштайт да адамда катуу демигүү, аба жетпей кысылуу, муунуу, кышылдоо, ыктытуу, чыйрыгып калтырап-титирөө, тамактын кекиртектен өтпөй калышы күтүлөт. Моюндагы вена тамырлары көөп кетет, теринин өңү көгөрөт. Дароо жатып дарыланбаса сезгенген чел кабыкча ириңдеп, шашылыш операция жасоо керектелет.
Дарылоо ыкмалары кандай?
Дарылоо ыкмасы оорунун түрүнө, өмүргө канчалык коркунуч келтиргенине карата тандалат. Дары-дармек жана операциялык жол менен айыктыруу ыкмасы бар. Адам көп кыймылдабай, диета кармайт, туура тамактанат, тузду колдонуу чектелет. Сезгенүүнү кетирүүчү, оорутууну басуучу, зат алмашууну жана жүрөктүн иштешин жакшыртып, согуу ыргагын калыптандыруучу дарылар, витаминдер топтому, антибиотик жана башкалар колдонулат.
Кан тамырларда кандын жүрбөй калышы, жүрөктүн суюктуктан улам кысылышы күтүлгөн учурда операция жасалат. Убагында туура дарылануудан адамдын ишке жөндөмдүүлүгү акырындап калыпка келет. Ириңдүү перикардитте чукул операция жасалбаса, адам каза болуп калышы мүмкүн. Дарыланып чыккандан кийин кардиологдун каттоосунда туруп, убак-убагы менен текшерилүү, жүрөктү электрокардиография жана эхокардиографиядан өткөрүп туруу кажет. Башка ооруларга чалдыкпоого аракет кылып, туура тамактануу зарыл.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















