super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сурабалдиева Түштүк Кореянын элчиси менен жолугушту

 

Бүгүн, 27-февралда, эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Түштүк Кореянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Сурабалдиева мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыктын өсүп жатканын белгилеп: "2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 508 миллион долларды түзүп, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөрдөн 17 пайызга жогору болгону соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун далили болуп саналат",- деп билдирди. Ошондой эле өлкөдө чет өлкөлүк инвесторлор үчүн капиталды коргоо кепилдиги жана узак мөөнөттүү эки тараптуу өнөктөштүккө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде элчи эки өлкөнүн кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп келе жатканын ырастап: "Кыргызстан Борбордук Азия аймагындагы биздин өлкө үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат",- деп билдирди. Мындан тышкары, ал "Корея – Борбордук Азия" форматындагы саммитке даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында элчи маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирип, эки элдин маданий окшоштуктарына көңүл буруу менен корей тараптын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга кызыкдар экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: