super.kg logo

Питайя – бул кактус жана анын мөмөсү

 

Кыргызстанга акыркы жылдары экзотикалык мөмө-жемиштердин түрлөрү келе баштады. Алардын бири питайя (питахайя, ажыдаар сымал мөмө). Аталган жемиш кактустун бир түрүнөн алынат. Аны жеп көрүүгө кызыккандар пайдасын да билип алышса ашыкча болбойт.

Даамы киви, алмурут, дарбыздын аралашмасындай

Питайя лиана сымал өсө турган кактус жана анын мөмөсү. Кактустардын гилоцереус түрүнө кирет. Чоң гүлү түндө ачылат, кызгылт көк түстөгү мөмөсү желет. Салмагы – 150-600 граммдын тегереги. Мөмөсүнүн ичинде майда кара уруктар көп. Даамы бир аз таттуу, киви, алмурут, дарбыздын аралаш даамындай. Өстүрүп, багуу оңой болгонго чарбакты кооздоо үчүн да тигишет.

Борбордук жана Түштүк Америкада, Мексикада жапайы түрдө таралган. Учурда маданий өсүмдүк катары Гавайи, Израил, Вьетнам, Таиланд, Камбоджа, Сингапур, Малайзия, Австралиянын түштүгүндө жана башка жактарда өстүрүшөт.

Шире, шарап жасашат

Айрым өлкөлөрдө анын уругун супермаркеттерден сатып алып, тигип өстүрүп алышат. Аталган кактус жаан-чачын аз жаачу кургак тропик климатында өсүүгө ыңгайлашкан. Түбүнөн көбөйтүп, уругунан да өстүрүүгө болот. Форма берип үй шартында да өстүрүшөт. Уруктан өстүрсө 1 айда 5 сантиметрдей өсүп, чоңоёт.

Гүлдөгөндөн кийин 30-50 күн дегенде мөмө түйөт. Жапайы түрдө өсчүлөрү 1 жылда 5 ирет түшүм бере алышат. Вьетнамдагы айрым фермалар жыл сайын 1 гектарынын 30 тоннага чейин түшүм жыйнашат.

Топурактагы ашыкча нымдуулуктан, көп жаан-чачындан гүлдөрү түшүп, мөмөсү чирип кетет. Быша элек мөмөлөрүн канаттуулар чокуп башташат. Мөмөсүнүн сырты сортуна карап кызыл же сары болот. Бир нерсеге урунган же кол менен катуу кармалган жери чуңкурайып калат. Андыктан өтө этияттап ташуу керектелет. 100 граммында 40-50 килокалорий бар.

Питайядан шире, шарап жасашат

Мөмөсүндө A, C витамини, минералдар (кальций, темир, магний жана башкалар), антиоксиданттар бар. Андыктан картаюунун, уйку безинин ооруларынын алдын алат. Диета кармагандар жесе жакшы. Ичегини жакшы иштетет, иммунитетти бекемдейт, анемиядан арылууга жардамчы.

Нутрициологдор бир жегенде 200-400 грамм тегерегинде жеш керек дешет. Андан ашса ашказан-ичеги оорусу барларга зыян келет. Аллергия жаратпашы үчүн байкап жеш керек.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: