Муфтият Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган Куран жарышын өткөрөт
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган Куран жарышы уюштуруларын билдирди.
Маалымдалгандай, Куран жарышы 1-2-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөрүлөт.
Жарыштын критерийлери жана катышуу шарттары төмөндөгүдөй:
Критерийлер:
- Курандын толук 30 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.
- Курандын 20 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.
- Курандын 10 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.
Талаптар:
- Катышуучу Кыргызстандын жараны болууга тийиш.
- Катышуучунун жаш курагы 35 жаштан ашпашы керек.
- Эл аралык жарыштарда байгелүү орундарды алгандар жарышка катыша албайт.
- Жарышка катталгандан кийин сынактан баш тартууга болбойт.
- Кечигип келген катышуучулар жарышка киргизилбейт.
Кошумча маалыматтар:
- Муфтияттын облустук жана шаардык өкүлчүлүктөрү тарабынан 2026-жылдын 27-мартына чейин аймактык тандоо турлары өткөрүлөт.
- Тандоо турунун жыйынтыгында 30, 20 жана 10 пара номинациялары боюнча 1-орунду алган катышуучулар финалга жолдомо алышат.
- Ал эми 2-апрелде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















