super.kg logo

Жылнаама: Ак аюулардын эл аралык күнү

 

Бул күндү белгилөөнүн максаты - ак аюулар тууралуу маалымат таратуу жана аларды коргоо керектигине коомчулуктун көңүлүн буруу. Уюлдук аюулардын эл аралык майрамында экологиялык жана жаратылышты коргоо уюмдары түрдүү иш-чараларды уюштурушат.

Орусия, Норвегия, Канада, Гренландия жана Америка кошмо штаттары (Аляска) майрамды чоң деңгээлде белгилейт. 2008-жылдын май айында АКШ бул жаныбарды "Кызыл китептеги" жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн катарына кошкон.

Маалыматтарга караганда, Арктикадагы муздардын эриши 2050-жылда ак аюулардын үчтөн эки бөлүгүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн. Чоң уюлдук аюулардын салмагы 350дөн 550 килограммга чейин жетет. Ал эми тарыхтагы эң чоң деп катталган ак аюунун салмагы 1 тоннаны түзгөн. Ургаачы аюулардын орточо салмагы 150дөн 300 килограммга чейин.

Ак аюулардын эл аралык күнүнүн тарыхы 2017-жылга барып такалат. Бүгүнкү күнгө карата жылнаама шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: