Кытайдан автоунаа ташып кирүүдө туура эмес декларациялоо болгону аныкталды
Кытайдан автоунааларды ташып кирүүдө туура эмес декларациялоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу 27-февралда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бузуулар унаанын чыгарылган жылын туура эмес көрсөтүү менен байланышкан, башкача айтканда, жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү аркылуу бажы төлөмдөрүнүн толук эмес төлөнүшүнө алып келген. Атап айтканда:
• 2023-жылдын 28-ноябрында "Нарын" бажы тариздөө жайына DONGFENG үлгүсүндөгү жүк ташуучу транспорт каражаты ташып кирүүдө 2019-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн. Бирок VIN-коду текшерилгенде анын чыныгы моделдик жылы 2016-жыл экени аныкталган. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында 1 миллион 802 миң 135 сом өндүрүлдү.
• 2024-жылдын 12-майында "K.G.E." ЖЧКсы тарабынан 2022-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн 5 карьердик самосвал алып келинген. Талдоо жыйынтыгында алардын чыныгы чыгарылган жылы 2021-жыл экени аныкталып, кошумча 3 миллион 494 миң 811 сом эсептелди.
• 2025-жылдын август-сентябрь айларында "К.Б.Г." ЖЧКсы тарабынан 13 самосвал 2023-жылы чыгарылган деп көрсөтүлүп ташып келинген. Текшерүүдө алардын чыныгы чыгарылган жылдары 2020-2021-жылдар экени аныкталып, жеңилдиктер колдонулбастан 8 миллион 93 миң 379 сом кошумча төлөм эсептелди.
• 2025-жылдын 15-декабрында "Нарын" бажылык тариздөө жайына "Ц.С." ЖЧКнын дарегине IVECO үлгүсүндөгү транспорт каражаттары 2020-жылы чыгарылган деп көрсөтүлүп келген.
Жыйынтыгында шассинин заводдук номерлери өзгөртүлгөнү жана 2008–2010-жылдары чыгарылган тетиктер колдонулганы аныкталды. Натыйжада 2 миллион 148 миң 98 сом өндүрүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке жалпысынан 15 миллион 538 миң 423 сом өндүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















