super.kg logo

Ошто алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

 
Ош шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 27-февралда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-февралда Кара-Суу районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда өзүнө тааныш болгон жаран 2025-жылдын ноябрь айларында ишенимине кирип, 2 тилке жер (чек) сатам деп убада берип, акча каражатын жана автоунааларын алып, бүгүнкү күнгө чейин жер тилкелерин бербей, качып жүргөндүгү көрсөтүлгөн.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, алгач 350 миң сом, андан кийин 100 миң сом акча каражатын берген. Мындан сырткары, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын 100 миң сомго, Элентро үлгүсүндөгү автоунаасын 700 миң сомго баалап берген. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 1 миллион 250 миң сомду түзгөн.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган И.И. аттуу Кара-Суу районунун тургуну аныкталган. Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камакка алуу чарасы тандалган.
Белгилей кетсек, шектүү буга чейин да ар кандай кылмыш иштери боюнча бир нече жолу соттолгон. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: