super.kg logo

Жогорку Кеңеште “Жаштар диалогу - 2026” иш-чарасы өттү

 

Жогорку Кеңеште төрага Марлен Маматалиев баштаган парламент депутаттарынын жана жаштар өкүлдөрүнүн катышуусунда “Жаштар диалогу – 2026” аттуу баарлашуу аянтчасы уюштурулду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынды ачкан төрага жаштар менен системалуу жана ачык диалог жүргүзүү чоң мааниге ээ экенин белгилеп, парламент жаштар саясатына өзгөчө көңүл бурарын айтты.

Жолугушуунун модератору, депутат Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Жаштар кеңеши түзүлгөнүн маалымдап, жаңы консультативдик орган жаштар саясаты боюнча сунуштарды талкуулоо жана туруктуу диалог жүргүзүү үчүн аянтча болорун белгиледи. Анын айтымында, кеңештин ишмердүүлүгү жаштарды мыйзам чыгаруу процессине активдүү тартууга өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: