super.kg logo

"Чыныгы мекенчил жаранды тарбиялаган". Токаев Олимпиада чемпионунун атасына ыраазычылык билдирди

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Италияда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында эркектер арасында муз тебүү боюнча алтын медаль уткан спортчу Михаил Шайдоровдун атасы жана алгачкы машыктыруучусунун эмгегин өзгөчө белгиледи.

Президенттин айтымында, Станислав Александрович өзү да көркөм муз тебүү боюнча Казакстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Ал уулунун муз айдыңындагы алгачкы кадамдарын жасоосуна көмөктөшүп, өмүрүнүн эң кыйын учурларында ар дайым жанында болуп келген.

"Мамлекет башчысы катары Казакстан Республикасынын көк туусун дүйнөнүн башкы спорт аренасында бийик желбиреткен уулду, чыныгы мекенчил жаранды тарбиялаганыңыз үчүн сизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Басма сөздөгү маегиңизди окуп, Михаилге мээримиңизди аябай, анын спорттогу өзгөчө миссиясына кымындай да күмөн санабай, аталык парзыңызды татыктуу аткарганыңызга ынандым. Бийик чокуга жеткирген татаал жолду бирге басып өттүңүздөр. Эми ошол эмгектин үзүрүн көрүп, урмат-сыйга бөлөнүп жатасыздар", — деп белгиледи ал.

Президент спортчунун ийгилигинин артында ата-эненин колдоосу, үзүрлүү эмгек жана мекенчил тарбия турганын баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: