Бишкек мэриясы жарамазан боюнча ата-энелерге кайрылды (видео)
Бишкек мэриясында 27-февралда жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жыйын өттү. Ага вице-мэр Виктория Мозгачева жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
- өспүрүмдөрдүн кечки жана түнкү убакта мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү;
- балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- өспүрүмдөрдү киргизип, аларга кайыр сураганга мүмкүнчүлүк берген кафе-ресторандардын жоопкерчилигин жогорулатуу.
Ошондой эле көңүл ачуу жайларын, кафе жана ресторандарды текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, өспүрүмдөрдү киргизүү фактылары аныкталганда мекемелерге карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрү белгиленди.
«Акыркы учурда балдардын жарамазан айтып, көңүл ачуу жайларын кыдырып, автоунаа жолдорунда жана жол кесилиштеринде жүргөн учурлары көбөйдү. Бул алардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ошондой эле айрым балдар QR-код аркылуу акча которууну талап кылган учурлар бар. Биз салтыбызды жана маданий мурасыбызды урматтайбыз, бирок жарамазан айтууну кайырчылыкка айлантпоо керек. Балдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу зарыл.
Ата-энелерден балдарына өзгөчө көңүл буруп, жашы жете электердин көзөмөлсүз көчөдө жүрүшүнө жол бербөөнү суранабыз», — деп белгиледи мэрдин орун басары.
Жыйында райондук администрацияларга жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана патрулдук кызматкерлер менен биргеликте рейддерди уюштуруу тапшырмасы берилди.
Бишкек мэриясы жараман боюнча айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















