Кара-Сууда түнкү рейдде 60ка жакын өспүрүм көчөдө жүргөнү аныкталды
Кара-Суу районунда “Өспүрүм – түн” аталышындагы рейд учурунда ата-энеси же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн 58 бала аныкталды. Бул боюнча Ош облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, 27-февралда милиция кызматкерлери түнкү убакта коомдук жайларда, интернет клубдарда, оюн-зоок уюштурулган жайларды текшерди.
Алардын баарынын өздүгү такталып, ата-энелери чакыртылып, тийиштүү чаралар көрүлдү. Ошондой эле ата-энелерге Орозо айында мечиттерге таравих намазына балдарды өз алдынча жөнөтпөө жагы эскертилди.
Белгилей кетсек, аталган рейддик иш-чара облус аймагында бардык райондордо жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















