Британия Ирандагы элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялады
Улуу Британия Ирандагы коопсуздук кырдаалга байланыштуу элчилигинин кызматкерлерин өлкөдөн чакыртып алды. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, эми дипломатиялык өкүлчүлүк ишин аралыктан уланта бермекчи. Буга удаа Британиянын ТИМи жарандарын Иранга баруудан карманууга чакырган.
Министрликтин маалыматына ылайык, британ паспорту кармалып калууга, камакка алынууга жана суракка алынууга себеп болушу мүмкүн.
"Иранда байланыштын үзгүлтүккө учурашы, нааразылык акциялары жана эл аралык каттамдардын кечигүүсү байкалууда", - деп айтылат анда.
Эске салсак, 26-февралда Женева шаарында АКШ менен Иран ортосунда өзөктүк программа боюнча Омандын ортомчулук кылуусу астында сүйлөшүүлөр өткөн. Ал сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы келишимсиз аяктаганы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















