Израил Иранга сокку урду
Израил Иранга сокку урганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигине таянып, чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда.
“Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилип жатат” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кацтын айтымында, бул Израилге болгон коркунучтун алдын алуу үчүн жасалган. "Израил мамлекети өлкөгө болгон коркунучтарды жоюу үчүн Иранга алдын ала сокку урду", - деген Кац.
Буга удаа Израил аба мейкиндигин жапты.
Ирандын IRNA агенттиги кабарлагандай, Тегерандын борборунда жарылуулар угулуп, шаардын үстүнө түтүн көтөрүлүүдө.
Израиль Иранга сокку урду
Израиль Иранга сокку урду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















