Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын ырастады
АКШнын президенти Дональд Трамп ишемби күнү Иранга каршы масштабдуу аскердик операция башталганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жарыялады.
Анда Ак үйдүн башчысы операция Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына каршы багытталганын билдирген.
"Бир нече убакыт мурун АКШнын куралдуу күчтөрү Иранда ири аскердик операцияларды баштады. Биздин максат – Иран режиминин коркунучтарын жок кылуу, америка элин коргоо", - деген Трамп.
Трамп 2025-жылы Иранга жасалган соккулардан кийин Вашингтон өлкөгө өзөктүк программаны кайра жандандырбоону эскерткенин, бирок Тегеран бардык сунуштарды четке какканын белгиледи.
“Биз Ирандын өзөктүк куралга ээ болбошуна кепилдик беребиз. Бул абдан жөнөкөй билдирүү. Алар эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт", - дейт АКШ лидери.
Reuters агенттиги АКШ Иранга абадан да, деңизден да сокку уруп жатканын жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февралда Израил Иранга сокку урганын жарыялап, аба мейкиндигин жапкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















