super.kg logo

ТИМ кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырды

 

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна жана Ирандын аймагына жасалып жаткан аба соккуларына байланыштуу Кыргыз жарандарын кырдаал турукташканча Иранга барбай турууга чакырды.

Ирандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргыздын Тегерандагы элчилигине же ТИМдин Консулдук департаментине төмөндө көрсөтүлгөн байланыштар аркылуу кайрылуу сунушталды:

Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчилиги (Тегеран шаары): +98 21 2283 0354, +98 935 250 5229, E-mail: kgembassy.ir@mfa.gov.kg

Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаменти (күнү-түнү): +996 999 312 002 E-mail: dks@mfa.gov.kg

2026-жылдын 28-февралына карата ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара расмий түрдө жабылган эмес. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Кошумча шашылыш байланыш телефондору:

Кыргыз Республикасынын Арменияндагы Ардактуу консулу: +374 91 919191

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги: +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги: +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилиги: +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp)

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01

Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантат, ошондой эле жарандарды сабырдуулукту сактоого жана жеке коопсуздук чараларын так аткарууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: