ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.
"Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт.
Ошондой эле тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февралда Израил Иранга сокку урганын жарыялап, аба мейкиндигин жапкан. Ал арада Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын ырастады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















