Ирандын Минаб шаарындагы мектепке сокку: 24 окуучу каза болду
Ирандын Минаб шаарында жарандык инфраструктурага жасалган массалык чабуулдун жүрүшүндө мектепке ракеталык сокку урулду. Бул тууралуу мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Shajareh Tayyeba” аттуу кыздар башталгыч мектеби түз соккуга туш болгон. Хормозган провинциясынын бийлигинин расмий маалыматына караганда, окуя учурунда мектепте эртең мененки нөөмөт өтүп жаткан. Имараттын урашынан 24 окуучу кыз каза болуп, ондогон балдар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар Бандар-Аббас шаарындагы ооруканаларга жеткирилген.
Хормозган облусунун губернаторунун саясий жана коопсуздук маселелери боюнча орун басары бул чабуулду “сионисттик режимдин билим берүү мекемесине жасалган атайын соккусу” деп атады. Анын айтымында, мектепте коргоосуз балдар болгон.
Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар урандыларды тазалоо иштерин улантууда. Имараттын алдында дагы адамдар калып калышы мүмкүн экени айтылууда. Тегеран бул окуяны эл аралык укуктун жана согуш жүргүзүү эрежелеринин одоно бузулушу катары баалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















