Нурзат Нуртаева Албаниядагы турнирде күмүш байге утту
Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде Нурзат Нуртаева күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Маалым болгондой, ал 72 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашып, биринчи айлампада болгариялык Даниэла Браснарованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңсе, экинчи айлампада индиялык Решма Манени таза жеңиш (туше) менен уткан. Үчүнчү айлампада Индиянын дагы бир өкүлү Дикша Маликти 8:0 эсебинде ишенимдүү түрдө артта калтырып, жарым финалда польшалык Виктория Чолуйду 2:1 эсебинде жеңген.
Ал эми чечүүчү финалдык кармашта казакстандык Жамиля Бакбергеновага 3:14 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш байгесин тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















