Муфтият Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам кичи ажылыкта жүргөндөргө кайрылуу жасады
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жакынкы Чыгышта жаралган абалдан улам кичи ажылыкта жүргөндөргө кайрылуу жасады."Урматуу умра зыяратчылары! Кадырлуу умра менен алектенген мекемелер! Учурда Жакынкы Чыгышта абал курчуп, умра сапарына уюштурулуп жаткан авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралды.
Ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн мекендештер. Сиздер кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алып, фирмалардын жана умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөстөн, сабырдуулук менен күтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул учурда дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн дуба кылууңуздарды күтөбүз.
Ал эми умра сапарына аттанууну көздөп жаткан мекендештер! Абалга байкоо салып, аймактагы кырдаал жөнгө салынган соң гана кичи ажылыкка барууну пландооңуздарды суранабыз. Мамлекет тарабынан убактылуу ведомстволор аралык штаб түзүлүп, кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатканын билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















