super.kg logo

Боливияда ири өлчөмдөгү акча ташыган учак кырсыкка учурады

 

Боливияда накталай акча ташыган учак кырсыкка учурап, кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кырсык жума күнү кечинде болгон. Боливиянын аба күчтөрүнө таандык Hercules жүк ташуучу учагы Эль-Альто аэропортуна конууда учуп-конуу тилкесинен тышкары эл көп жүргөн чоң жолго чыгып кеткен. Чоң жолго чыккандан кийин учак бир чакырымдай жүрүп, жолдо бара жаткан бир нече жеңил жана жүк ташуучу унаалар менен кагылышкан.

Натыйжада, учак өрттөнүп кеткен. Куткаруучулар кырсыктын курмандыктарынын арасында чоң жолдо бара жаткан унаалардагы адамдар да болгонун билдиришкен. Учактагы эки экипаж мүчөсү дайынсыз жоголуп, алтоосу аман калган жана жаракаттарынан улам медициналык жардам алышкан.

Окуядан кеминде 28 адам жаракат алган. Полиция акча чогултууга аракет кылгандарды күч менен таркатууга аргасыз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: