Иран аймактагы 20дан ашык АКШнын базасына сокку урду
Иран күчтөрү аймактагы 20дан ашык АКШнын аскердик базасына, Израил армиясынын командалык имаратына жана Тель-Авивдеги коргонуу комплексине сокку урду. Бул тууралуу өлкөнүн Ислам революциясынын гвардия корпусу билдирди.
Иран армиясы аймактагы 27 АКШ базасына, Израил армиясынын башкы командачылыгынын штаб-квартирасы жана Тель-Авивдеги ири коргонуу өнөр жай комплексине сокку жасаган. ИРГК ошондой эле Тегеран душмандын объектилерине жана буталарына мындан да күчтүү чабуулдар жасала турганын кошумчалаган.
Айта кетсек, 28-февралда АКШ Иранга каршы Израил менен биргелешкен ири масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Израил жана Америка күчтөрү Тегеранга, анын ичинде Минаб шаарындагы мектепке сокку урушту.
Өч алуу максатында Тегеран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталар жана дрондор менен сокку урган. Жардыруулар Абу-Даби менен Дубайда да болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















