Убада аткарылды... Димаш Кудайберген Михаил Шайдоровго жолтандабас белек кылды
Дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген Кышкы Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоровго Hyundai Palisade үгүсүндөгү унааны белекке берди.
Ырчы Instagram баракчасына ачкычты тапшыруу аземинин видеосун жарыялады. Димаш бул белек спортчунун жетишкендиктери менен сыймыктанган бардык казакстандыктардын атынан берилип жатканын айтты.
Өз кезегинде Михаил Шайдоров Димашка ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Михаил Шайдоровдун Италиядагы Олимпиада оюндарындагы жеңишинен кийин Димаш Кудайберген ага унаа белек кылууну убадалаган. Ал Италиядагы жарышта өзүнүн чемпиондук программасын Димаш Кудайбергендин аткаруусундагы "Confessa, the Diva Dance" ырынын коштоосунда аткарган.
Димаш Кудайберген Михаил Шайдоровго жолтандабас белек кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:15
2026-03-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















