Трамп Иранга "болуп көрбөгөндөй күч" менен сокку урарын эскертти
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран дагы сокку урса, Иранга "болуп көрбөгөндөй күч" менен жооп кайтарыларын убада кылды.
"Иран бүгүн абдан катуу, мурдагыдан да катуу сокку урууга ниеттенип жатканын жарыялады. Алар сокку урбаганы жакшы, анткени эгер алар сокку урушса, биз аларга мурда эч качан көрбөгөн күч менен сокку урабыз!" - деп жазды Трамп TruthSocial социалдык тармагында.
Мурдараак Ислам революциясынын гвардия корпусу Израилге жана АКШга каршы эң кыйратуучу чабуулдар жасаларын жарыялаган.
Айта кетсек, 28-февралда АКШ Иранга каршы Израил менен биргелешкен ири масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Израил жана Америка күчтөрү Тегеранга, анын ичинде Минаб шаарындагы мектепке сокку урушту.
Өч алуу максатында Тегеран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталар жана дрондор менен сокку урган. Жардыруулар Абу-Даби менен Дубайда да болгон. Иран АКШнын аймактагы 27 базасына жана Израил армиясынын командалык имаратына сокку урулганын кабарлады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















