Ирандын АКШ-Израил менен болгон согушу уланууда
Бүгүн, 1-мартта Ирандын аба күчтөрү Перс булуңундагы жана Ирактын Күрдистан аймагында жайгашкан АКШнын аскердик базаларына каршы жаңы соккуларды жасады.
Тегеран ошондой Израилдин шаарларында бутага алганын чет элдик басылмалар жазышууда. Ислам революциясынын гвардия корпусу өзүнүн аэрокосмостук бөлүмү АКШнын алдыңкы MQ9 дронун жок кылганын жарыялады. Ошондой эле Иран Араб деңизинин жээгиндеги Омандын Дукм портуна сокку урганы кабарланган.
Ал эми ушу тапта АКШ менен Израил Тегерандагы аскердик буталарга жана расмий мекемелерге сокку уруп жатышат. Тегеранда күчтүү жарылуулардын үнү угулуп, шаардын бир нече жеринен коюу түтүн көтөрүлүп жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда.
Айта кетсек, 28-февралда АКШ Иранга каршы Израил менен биргелешкен ири масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Израил жана Америка күчтөрү Тегеранга, анын ичинде Минаб шаарындагы мектепке сокку урушту.
Өч алуу максатында Тегеран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталар жана дрондор менен сокку урган. Жардыруулар Абу-Даби менен Дубайда да болгон. Иран АКШнын аймактагы 27 базасына жана Израил армиясынын командалык имаратына сокку урулганын кабарлады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















