Куткаруучулар "Ала-Арчадагы" шаркыратмада эс-учун жоготкон жаранды алып түшүштү (видео)
ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоо борборунун “Эдельвейс” куткаруучу бригадасы “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан шаркыратмадан 24 жаштагы жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу кечээ, 1-мартта министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, эс алуучулар 1-март күнү таңкы саат 4:00дө "Мугалим" чокусуна чыгып, алардын бири шаркыратмага жеткенде денеси муздап, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
"Көмөк көрсөтүүгө нөөмөттөгү 5 куткаруучу чыгып, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүштү. Учурда абалы жакшы. “Ала-Арча” паркында куткаруучулар нөөмөт менен иш алып барышууда",- деп кошумчаланды маалыматта.
Куткаруучулар "Ала-Арча" паркындагы шаркыратмада эсин жоготко жаранды алып түшүштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















