ТИМ БАЭдеги кыргызстандыктарга кайрылды
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн Кыргыз жарандарына кайрылды.
Министрлик кыргызстандыктарды БАЭнин жергиликтүү бийлиги, Ички иштер министрлиги жана башка компетенттүү органдары тараткан гана маалыматка ишенип, текшерилбеген маалыматты таратпоону өтүнөт.
Ошондой эле БАЭнин компетенттүү органдары тарабынан жарандарды мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырууну узартуу, ошондой эле каттамдардын жокко чыгарылышына жана жылдырылышына байланыштуу чыгарып жибербөө чечими кабыл алынгандыгын билдирет.
Буга байланыштуу кыргызстандыктар мейманканаларда калуу жана бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүү, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманканалардын администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат.
БАЭнин аймагында жүргөн кыргызстандыктар элчиликке төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүгө тийиш:
- Аты-жөнү;
- Туулган күнү;
- Паспорттун номери;
- БАЭдеги иш жүзүндөгү жашаган дареги;
- Байланыш маалыматтары.
Министрлик бул маалыматтарды төмөнкү байланыш номерлерине жөнөтүүнү суранат:
- Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги: +971522255269;
- Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840;
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996999312002.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















