super.kg logo

АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунан 170ке жакын студент жана мугалим каза болду 

 

Иран бийлиги АКШ менен Израилдин чабуулдарынан каза тапкан студент жана мугалимдердин санын ачыктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин кол салууларынан каза тапкан студент жана мугалимдердин саны 170ке жеткен.

Буга чейин Иран бийлиги АКШ менен Израил Хормозган провинциясынын Минаб шаарындагы кыздар мектебине кол салганын билдирген. Анда кол салуудан каза болгондордун саны 160тан ашканы айтылган болчу.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: