super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Кытайдын өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

 

1-мартта Кытайдын Цзинань шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын коммунисттик партиясынын катчысы Линь Унун ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин ырастап, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Эдил Байсалов практикалык кызматташууну активдештирүү, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү маселелерин талкуулады.

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында акыркы беш жылда жетишилген социалдык-экономикалык өсүштүн жогорку темптеринин аркасында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан өндүрүштүн жаңы технологияларын массалык түрдө ишке киргизүү, экспортко багытталган өнөр жай ишканаларын ачуу, жаштарыбыз үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү милдети коюлган. Учурда Кыргызстандын Министрлер кабинети бул жаатта бир катар жаңы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана Кытай Эл Республикасы менен тажрыйбаны жана практикалык кызматташууну активдүү колдонууга ниеттенүүдө”,- деди Байсалов.

Линь У ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө, өнөр жайлык камсыздоо боюнча жаңы демилгелерди баштоого жана элдердин ортосундагы алмашууну активдештирүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады.

Жолугушууда тараптар аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.

Иш сапардын алкагында Кыргыз делегациясы провинциядагы бир нече алдыңкы машина куруу ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: