Иранга сокку уруудан кийин мунайдын баасы 10 пайызга кымбаттаганы айтылды
Мунайдын дүйнөлүк баасы АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккусунан кийин дээрлик 10 пайызга кымбаттаганы айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтар боюнча, дүйшөмбү күнү эртең менен Brent мунайынын бир баррелинин баасы 80 доллардан ашып, 10,4 пайызга кымбаттаган. Бул өткөн жылдын 23-июнунан бери биринчи жолу жогорулашы.
Мунайдын кымбатташына Ирандагы Ормуз кысыгынын жабылуу коркунучу себеп болгону айтылды. Эксперттер узакка созулган жеткирүү чектөөлөрү баалардын тез эле 100 доллардан ашып кетишине шарт түзүшү мүмкүн экенин белгилешкен.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















