Режеп Тайип Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралу "Анадолу" агенттигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмадар жазышууда.


Ирандагы кырдаал талкууланды
Маалыматка ылайык, тараптар Иранга карата жасалган чабуулдарды жана андан кийинки жаңжалдуу процессти талкуулашкан.
Түркия лидеринин кеңсесинин билдирүүсүндө:
"Президент Эрдоган Түркия бардык тараптарды дипломатияга жана сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырарын жана Иран боюнча тынчтык процессине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи",- деп айтылат.
Түркия менен Евробиримдиктин кызматташуусу
Эрдоган кризисти жөнгө салуу маселесинде Түркия менен Европа биримдигинин тыгыз кызматташуусун улантуунун маанилүүлүгүн да белгиледи.

Аймактагы аскердик чыңалуу
28-февралда АКШ жана Израил Иран аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Чабуулдардын кесепетинен кыйроолор жана жарандардын каза болгону кабарланган.
Иран өз кезегинде Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине жооп иретинде сокку урган.

Ядролук сүйлөшүүлөргө карабай сокку урулду
Чабуулдар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы ирандык "ядролук досье" боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан шартта жасалган. Акыркы раунд 26-февралда Женева шаарында өткөн.
Кол салуунун натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















