super.kg logo

Трамп Иранга кол салуудан кийин бүгүн биринчи жолу эл алдына чыгат 

 

Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кол салуудан кийин биринчи жолу эл алдына чыгып, Ак үйдөгү иш-чарага катышат. Бул тууралуу Трамптын администрациясы тараткан графикке таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга ылайык, жергиликтүү убакыт менен саат 11:00дө Трамп "Даңк" медалын тапшыруу аземине катышат. Ал эми бул күнгө пландаштырылган башка бардык иш-чаралар жабык эшик артында өтөт. Аларга басма сөз өкүлдөрү киргизилбей турганы айтылды.

Маалым болгондой, АКШнын лидери соңку кырдаал учурундагы дем алыш күндөрүн Флоридада өткөргөн. Трамп жекшемби күнү теледен чыккан эмес, бирок Иран тууралуу кайрылууларын Truth Social аркылуу билдирип турган.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: