Трамп Ирандын лидерлигине татыктуу үч талапкери бар экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын лидерлигине татыктуу үч талапкери бар экенин айтты. Бул тууралуу ал The New York Times гезитине берген маегинде билдирген.
"Менде үч татыктуу талапкер бар",- деген Ак үйдүн башчысы Ирандагы бийликтин алмашуусу тууралуу сүйлөп жатып.
Бирок АКШ лидери талапкерлердин ысымдарын так атаган эмес.
Мындан тышкары, Трамп Иранга каршы аскердик чыңалуу болжол менен төрт жума же андан аз убакытка созулушу мүмкүн экенин билдирген.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















