Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартканы айтылды
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани Тегеран Вашингтон менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын өзүнүн Telegram каналында жарыялаган билдирүүсүндө билдирди.
"Биз АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз",- деген Лариджани.
Буга чейин АКШ лидери Трамп The Atlantic гезитине берген маегинде Ирандын жаңы потенциалдуу жетекчилиги диалогду каалай турганын ачык айтканын, бирок сүйлөшүүлөр башталса, аларга ок атышууну токтотууга кепилдик бере албасын белгилеген. Буга удаа ал Иранга кол салууну төрт-беш апта бою улантарын билдирген.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















