Техаста робот такси "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жараткан
Техас штатынын Остин шаарында айдоочусу жок такси жардамга бара жаткан "Тез жардам" унааларынын өтүшүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.
Маалым болгондой, "Тез жардам" унаасы массалык атышуу болгон түнкү клубга бара жаткан. Ал жердеги атышуу 1-мартка караган түнү болуп, эки адам көз жумган.
Айдоочусу жок такси эки тилкелүү жолдо токтоп, "Тез жардам" унаасынын жолун тосуп калган. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн полиция кызматкери таксиге отуруп, диспетчер менен сүйлөшкөн. Андан соң робот такси көп кабаттуу унаа токтотуучу жайга жөнөгөн. Бул робот такси америкалык Waymo компаниясына таандык экени айтылат.
Axios белгилегендей, айдоочусу жок унаалар үчүн сыноо аймагы болгон Остин шаарында мындай окуялар биринчи жолу кайталанган жок. Өткөн жылы Waymo мектеп автобусу мыйзамсыз озуп кеткени үчүн федералдык текшерүүгө туш болгон. Ал эми февралдын аягында робот таксилерди сыноо аймагы кеңейтилип, ага Даллас, Хьюстон, Сан-Антонио жана Орландо шаарлары да кошулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















