Кытай АКШ менен Израилдин Иранга сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда жасаган соккуларын, ошондой эле суверендүү мамлекеттин лидерин өлтүрүү туура эмес деп кескин айыптады. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин чет элдик басылмалар маалымдашты.
"АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккулары америка-иран сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан учурда жасалды. Ошондой эле суверендүү мамлекеттин лидерин өлтүрүү жана бийликти алмаштырууга үндөө да туура эмес аракеттер. Кытай ар дайым БУУнун Уставында көрсөтүлгөн негизги максаттар менен принциптерди сактоону колдойт жана эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы. Азыркы учурда аскердик аракеттер Перс булуңу боюнча жайылып кетти. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кооптуу чекке жетиши мүмкүн. Кытай бул абалга өтө тынчсызданууда",- деп билдирген Ван И.
Министр БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциясы жок суверендүү мамлекетке кол салуу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн тынчтык негиздерин бузуп жатканын белгиледи.
Буга чейин Кытайдын ТИМи Ирандын жогорку лидерин бутага алууну өлкөнүн суверенитетин бузуу деп баалап, аскердик аракеттерди дароо токтотууга чакырган.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган.