Өткөн жылы жаратылышты коргоодо кандай иштер аткарылды?
Өлкөдө 2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу 2-мартта Жаратылыш министрлиги билдирет.
Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу аныкталып, 3 миллион 907 миң 500 сом айып салынды. Анын ичинен 3 миллион 594 миң 500 сом өндүрүлдү.
Аткарылган иштердин тизмеси:
- Ысык-Көл акваториясында 99 рейд жүргүзүлүп, 63 айып салынды (335 500 сом). Анын негизинде 3 038 162 сом доо коюлуп, 2 371 893 сом өндүрүлдү. 30 600 метр синтетикалык тор жок кылынды,
- Соң-Көл акваториясында 100 рейд өтүп, 98 мыйзам бузуу катталды. 308 000 сом айып салынып, 3800 метр тор алынган. Жалпысынан мыйзамсыз орнотулган 56 900 метр синтетикалык балык торлору алынган,
- "Манас" эл аралык аэропорту аймагынан мыйзамсыз атылган канаттууларды алып өтүү фактысы аныкталып, 265 500 сом доо толугу менен өндүрүлдү,
- "Достук" өткөрмө посту аркылуу 200 даана деңиз таш бакасы кармалып, Ош шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди,
- 1267 рекреация объекти инвентаризацияланды.
- Облус боюнча 226 саркынды сууларды тазалоочу курулма иштеп жатат, 868 конок үйдө тазалоочу курулма жок экени аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:39
2026-03-02
19:20
2026-03-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















