Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу жүрүп жатат
Бишкек шаарында жаш техниктер станциясынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу 2-мартта шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин жалпы аянты 0,342 гектар. Жалпысынан имарат жер төлөсүн кошкондо беш кабаттан турат. Анда окуу бөлмөлөрү, астрономиялык обсерватория, музей, конференц-зал, бий жана жыйын залдары, китепкана, машыгуу залы жана балдардын чыгармачылык жана техникалык өнүгүүсү үчүн башка бөлмөлөр каралган.
Аймагында спорттук аянтча, салтанаттуу иш-чаралар үчүн жабык бастырма, автомодель жана картинг боюнча машыгуу аянтчалары жана башка практикалык сабактар үчүн зоналар курулат.
Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле фасаддык жумуштар аткарылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















