Жакынкы Чыгышта канча кыргызстандык бар экени айтылды
Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 100дөй жаран Иранда жана Израилде, алар эвакуация боюнча кайрылбаганы белгилүү болду.
"БАЭде 10 миңдей жаран бар. Дубайда 1000ден ашык кайрылуу каралып, 800дөй жарандын мейманканадагы мөөнөтү аяктаган. Консулдар жеринде иш алып барышууда. Ажылык зыяратта 6 миңге жакын жаран бар, алар элчиликтер менен тыгыз байланышта иш алып барышууда",- деп белгиленген маалыматта.
Министрлик эгер каттамдардын токтотулушу узакка созулса, жарандарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгү карала тургандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:39
2026-03-02
19:20
2026-03-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















