super.kg logo
  Саясат  

Окуучулар арасында зомбулук Чүйдө жана Ошто көп катталары айтылды

 

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп окуучулары арасында зомбулук фактылары көп катталган аймактардын тизмесин атады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 2-марттагы жыйынында билдирди.

Айтымында, мектептердеги зомбулук жана балдарды коргоо боюнча атайын изилдөө жүргүзүлгөн.

"Өлкөнүн жети облусунда жана Бишкек Ош шаарларында билим берүү уюмдарындагы зомбулук жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында окуучулардын арасындагы зомбулук калктын жыш жайгашкан аймактарында көп болгондугу аныкталды. Мисалы, булар Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Ош жана Баткен облустары",- деди орун басар.

Жусупбекова жыйында зомбулуктун эң көп таралган түрлөрү боюнча дагы кеп козгоду. Айтымында, аларга психологиялык, физикалык зомбулук жана кибер булинг кирет.






Балдар арасында зомбулук Чүйдө жана Ошто көп катталат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: