Улукбек Марипов Сауд Арабиясындагы кырдаал жана кыргызстандыктар боюнча билдирди (видео)
Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов ал өлкөдөгү аткарылып жаткан иштер боюнча билдирүү жасады.
Анын айтымында, кичи ажылыкка келген жарандар боюнча атайын штаб түзүлүп, ыкчам иш алып барылууда.
"Окуя башталган күндөн баштап эле президент, өкмөт, ТИМ тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде ыкчам иштерди алып барып жатабыз. Сауд Арабиясындагы ар бир кыргызстандык менен иш алып баруудабыз. Өзгөчө студенттер, кичи ажылыкка келгендер менен байланыштабыз. Муфтият, дин иштери агенттиктери, ажылык уюштурган компаниялар менен биргеликте зыяратчылар боюнча атайын штаб түзүлгөн. Бахрейнден 35 жаран кайрылды, кырдаал өзгөрүп кетсе аларга ыкчам жардам берилет",- деди элчи.
Марипов аба каттамдары боюнча билдирип жатып, өлкөнүн ички каттамдары тынымсыз жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле чет элге учууда Сауд Арабиясына тийиштүү авиакомпаниялардын гана учактары учуп, сырттан келген каттамдар кыскартылганын кошумчалады.
Сауд Арабиясындагы кыргызстандыктар +966 583769945 номуру аркылуу элчиликке кайрылса болот.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
Улукбек Марипов Сауд Арабиясындагы кырдаал жана кыргызстандыктар боюнча билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















