Министрдин орун басары окуучулардын жазгы каникулу боюнча түшүндүрмө берди
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин тармактык комитетинин 2-марттагы жыйынында окуучулардын жазгы каникулу тууралуу түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын жазгы каникулу адегенде 6-марттан 8-мартка чейин деп белгиленген. Кийинчерээк ата-энелердин кайрылууларынын негизинде каникул узартылган болчу. Ага ылайык, окуучулар 2-марттан 8-мартка чейин эс алышат.
"Эмгек кодексине ылайык, кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин эс алышат. Буга байланыштуу 3-чейректин каникулун бир аз кыскартканбыз. Бирок бул боюнча кайрылуулар көп болуп, тийиштүү мекемелер менен кеңешип, жазгы каникулду 2-марттан 8-мартка чейин узартып бердик. Кийинки окуу жылында сунуштардын баарын анализ кылып, рационалдуу түрдө каникулдардын күндөрүн белгилейбиз",- деди Жусупбекова.
Агартуу министринин орун басары окуучулардын жазгы каникулу боюнча түшүндүрмө берди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















