super.kg logo

АКШ менен Израилдин кол салуусунан Иранда кеминде 555 адам каза болду 

 

АКШ менен Израилдин чабуулдарынан Иранда кеминде 555 адам каза болду. Бул тууралуу Ирандын Кызыл Жарым Ай коому билдиргенин Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

"Учурда 131 шаардык округдарга кол салуу болуп, тилекке каршы, 555 мекендешибиз каза болду",- деп билдирген аталган коом.

Мындан тышкары, 100 миңге жакын куткаруучу жабыркаган. Учурда кол салуу болгон аймактарга үзгүлтүксүз гуманитардык жардам көрсөтүү уланып жатканы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: