Сауд Арабиясында учурда 5 миңдей кыргызстандык кичи ажылыкта жүрөт
Сауд Арабиясында учурда 5 миңге жакын кыргызстандык зыяратчы ажылык сапарда жүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын консулу Нурсултан Орунбаев маалымат жыйынында кабарлады.
Анын айтымында, мекендештердин бардыгы мейманканаларга жайгаштырылып, керектүү шарттар менен камсыз болгон. Зыяратчылардын коопсуздугу көзөмөлдө болуп, уюштуруу иштерине тиешелүү кызматтар тартылган.
Консул ошондой эле эвакуация боюнча азырынча эч кандай расмий кайрылуу түшпөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ажылыкка барган жарандар менен тынымсыз байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турушат.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов да кайрылуу жасап, ыкчам иш алып барылып жатканын билдирди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















